Жогорку сот Селекцияда жол тосууга айыпталгандар боюнча чечим чыгарды

Жогорку сот Сокулук районунун Селекция айылындагы жол тосууга айыпталып кармалгандарды актоо боюнча Чүй облустук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Айтымында, сот отуруму кечээ, 25-сентябрда өткөн.

"Апрель айында Чүй облустук соту бардык беренелер менен актаган. Прокурор Жогорку сотко кассациялык арыз жазган болчу. Жогорку сот облустук соттун чечимин күчүндө калтырды", - деди жактоочу.

Белгилей өтсөк, 2023-жылы 20-ноябрда Сокулук райондук соту Селекция айылындагы жол тосууга айыпталып кармалгандар боюнча чечим чыгарган. Анда блогер Эртай Искаковго 50 миң сом айып пул салынып, ал эми аталган айылдын тургундары Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотовго 100 күндүк коомдук жумушка тартуу жаза чарасы чегерилген.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча акталып, ал эми "Жолдорду мыйзамсыз тосуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.

Жактоочу Абдыкапаров билдиргендей, Чүй облустук соту аларды ушул жылдын 12-апрелинде бардык беренелер боюнча актаган.

Эске салсак, 14-июлда Селекция айылынын Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары суу жоктугуна нааразы болуп, Бишкектеги Жайыл баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан. Кийин нааразылык акциясына катышкан бир нече киши суракка чакырылган.

15-июлда митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаков жана Селекция айылынын эки тургуну жолдорду мыйзамсыз тосууну уюштурган жана бейбаштык кылган деген шек менен кармалган.

Сокулук райондук соту 17-июлда алардын бөгөт чарасын карап, үчөөнү тең эки айга №1 тергөө абагына камакка алган. 20-сентябрда алар сот чечими менен үй камагына чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан