Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын эске салат.
Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — бул элден акча чогултуу эмес, жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарын так сактоо менен жаңы салынган жолдордун талкаланышын алдын алуу болуп саналарын белгилеп, айдоочуларды тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.
Унаа жолдордо жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар 7-октябрга чейин уланары кошумчаланды.