Ошто менчикке мыйзамсыз өткөн 25,1 миллион сомдук жер мамлекетке алынды

Ош шаарында жайгашкан 25 миллион 164 миң сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалымдагандай, Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы Коргоо министрлигине караштуу болгон 0,35 гектар жер аянты Ош шаардык мэриясы тарабынан мыйзамсыз менчикке берилип кеткендигин аныктаган. Мындан улам административдик доо келтирилип, сот тарабынан доо толугу менен канааттандырылган жана мэриянын мыйзамсыз чечимдери менен Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын мамлекеттик актылары жокко чыгарылган.

"Сот органдарынын чечимдери күчүнө киргенден кийин Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан келтирилген прокурордук чара көрүү актынын негизинде аталган жер тилке толугу менен мамлекеттин баланска алынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан