Израилдин премьер-министри "Хезболла" менен элдешүүдөн баш тартты

Израиль Ливандын "Хезболла" кыймылы менен 21 күндүк элдешүү боюнча Батыштын сунушун четке какты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, кечээ, 26-сентябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Коргоо күчтөрүнө (ЦАХАЛ) "толук күчтө жана ага сунушталган пландарга ылайык" согушууну улантууну буйруган.

Маалыматта Нетаньяху АКШ, Франция жана башка өлкөлөрдүн сунушуна “жадакалса жооп да берген эмес” деп белгиленген.

Ошол эле учурда билдирүүдө Газа тилкесиндеги салгылашуулар да “согуштун бардык максаттары ишке ашмайынча улана берери” айтылган.

Өз кезегинде Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац “Хезболлага” каршы согуштук аракеттер “жеңишке жетмейинче” токтобой турганын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан