Кечээ, 26-сентябрда Бишкектеги той каналардын биринде актриса Айпери Чотонованын кыз узатуу тою болуп өттү. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасында сүрөт, видеолор менен бөлүштү.
Кечеге чыгармачылыктагы кесиптештери, жакындары катышып, тойдогу көз ирмемдер менен бөлүшүштү.
Белгилей кетсек, Айпери Чотонованын жолдошу былтыр декабрь айында сүйүктүүсүнүн колун сураган. Анда актриса жолдошуна "макул" деген жообун берген.