Кытай эң жаңы суу астындагы өзөктүк кемесин Ухань шаарында чөктүрүп алды

Коңшу Кытайдын эң жаңы Чжоу классындагы суу астындагы өзөктүк кемеси Ухандын жанындагы кеме куруучу заводдо чөгүп кеткен. Бул тууралуу америкалык басылмалар Кытайдагы ишенимдүү булактарына таянуу менен жазды.

Окуя майдын аягында же июнь айынын башында болгон. Суу астындагы кемеде өзөктүк отун болгонбу жана адамдар жабыркаганбы азырынча белгисиз. Кытай кеменин чөгүп кетиши мүмкүн деген маалыматка комментарий бербей келет.

Кемени акыркы жолу май айынын аягында Янцзы дарыясынын жээгиндеги пирстен көрүшкөн, ал жерде кеме деңизге чыгар алдында акыркы машыгуудан өтүп жаткан. Июнь айынын башында окуя болгон жерге суу астындагы кемени дарыянын түбүнөн көтөрүү үчүн крандар келген, муну Planet Labs спутнигинен тартылган сүрөттөр тастыктап турат.

Чөгүп баратканда бортто өзөктүк отун болгон-болбогону белгисиз. Окуядан кийин сууну текшерүү иштери жүргүзүлгөн деген белгилер болгон эмес. Ошондой эле каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Мындай кемеден Кытайда экөө болушу мүмкүн. Бул кемени 4 адамдан турган экипаж мүчөлөрү күнү-түнү көзөмөлдөп турушу керек. Акыркы жолу Кытайдын мындай кемеси Тайвань кысыгында байкалган.

Буга чейин ушул үлгүдөгү өзөктүк кемелер АКШ менен Орусияда гана бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан