Кыргызстандык режиссёрдун эмгеги эл аралык кинофестивалда мыкты аталды

Кыргызстандык кинорежиссёр Жандос Жолдошовдун “Байланыш” ("Connection") аттуу тасмасы эл аралык “Burabay” кыска метраждуу кинофестивалында “Мыкты социалдык драма” номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу редакцияга жөнөтүлгөн маалыматта айтылат.

“Байланыш” тасмасы алыскы тоолуу аймактагы Мекен аттуу карыяны акыркы сапарга узатуу окуясын баяндайт. Мекендин уулу Америкада болгондуктан небереси Келечекти агасы менен жээни акыркы сапарга узатуу зыйнатына чакырышат. Бирок алардын бул чечими күтүүсүз кесепеттерге алып келет», - деп айтылат маалыматта.

Сыйлык тапшыруу аземи 18-сентябрда Казакстанда IV “Достордун үнү: поэзия жана көркөм өнөр” фестивалынын алкагында болуп өттү. Фестивалга 15 өлкөдөн 60тан ашык катышуучу келген.

Жеңүүчү болгон “Байланыш” тасмасы 2025-жылдын май айында Улуу Британияда өтө турган өнөктөш “ECG” кинофестивалында да көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан