Бүгүн, 27-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 975 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 366 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 232 куб метрди түзүүдө.
Белгилей кетсек, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бир ай мурун 12 миллиард 522 миллион куб метрди түзгөн.