
Бүгүн, 27-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда жана Суусамыр-Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда 2-3 сантиметр калыңдыкта кар жаап, жолчулар тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрдү. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жана Ала-Белде кыламык кар жааган, каттам бар.
"Азыркы тапта өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылы үчүн эч кандай кыйынчылыктар жок. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары министрлик өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.