Бишкек шаарында жайгашкан соода түйүндөн телефон уурдоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрда милицияга Ю.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 11-сентябрь күнү болжол менен саат 09:30 чамасында белгисиз адам соода түйүндөрүнүн биринен баасы 16 миң сом турган Redmi note 13 pro үлгүсүндөгү телефонду уурдап кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1990-жылы туулган О.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө анын ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланууда.