УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев камакта жаткан Мелис Аспековдун жазган арызы боюнча 7-каналга маек берип жатып жооп берди.
Маалыматка караганда, анда Аспеков 2020-жылы шайлоо маалында Райымбек Матраимовдон 3 миллион доллар алып, Садыр Жапаровго алып барып бергенин жазып, ошол факты боюнча иш козгоону талап кылганы жазылган.
"Кыргызда бир сөз бар, “күйгөн аял кошокчу" деген.
Ал өзү кандай кылмыш иши менен камакта жатат билесиңерби? Так ошол Раим сыяктуу ири бизнесмендерден “Садыр Жапаровго алып барып берем” деп алдамчылык кылып, бүт акчаларды өзүнө ыйгарып алып жүргөн. Ошол үчүн түрмөдө жатат. Бир эле мисал. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдакы башчысы Дашков дегенден 250 миң доллар алып кеткен, “Садыр Жапаровго шайлоого жардам беришибиз керек” деп. Бирок аны бир тыйынына чейин өзү ыйгарып алган. Баары далилденген. Ушунун баары билинип калгандан кийин камалып отурат. Фото, видеолору бар. Бүгүнкү күнгө чейин кайтарып бере элек. Көгөрүп түрмөдө жатат. 250 миң долларды кайтарып берсин, анан түрмөдөн чыгышы мүмкүн. Бул мамлекеттин, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын акчасы. Мындан башка дагы толтура бизнесмендерден 50 миң, 100 миң доллардан акча чогулткан. Алардын баары арыз жазбай коюшту. “Баштан көздөн садага. Ушул акча Мелис Аспековко эле буюрсунчу” деп коюшту.
Ушундай каралоолор чыкканда эл-журт логика дегенди иштетиш керек. Раим Матраимов миллиондогон долларларды киши куруп калгансып Мелис аркылуу берет беле? Бергиси келсе Садыр Жапаровдун өзүнө же бир туугандары аркылуу берет эле да. Эгер чындап эле Раим 3 миллион доллар Мелиске бергени чын болсо — анда аны да өзүнө катып алган деп билсек болот. Бирок бул маселе боюнча Раимге суроо берилген. Раим “Мелисти тааныбайм, берген эмесмин, калп айтып жатат” деп жооп берген. Биз мындай суу кечпеген каралоолорго көңүл бурбайбыз", - деди УКМК башчысы.
Активист Мелис Аспеков ушул жылдын март айында күчөтүлгөн режимде 7 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2023-жылдын сентябрында массалык баш аламандыкка даярданган деген айып менен кармалган болчу.