Бүгүн, 30-сентябрда Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө күндүз + 19 … +24,
Таласта күндүз + 17 … +22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында күндүз +23 … +28,
Ысык-Көл облусунда күндүз +15 … +20,
Нарын жергесинде күндүз +15 … +20.
Бишкек шаарында күндүз +22…+24 градус болот.