"Таңгакталган акча, түрдүү шаймандар..." Ысык-Көлдө туристтерди тоноо менен шугулданган чет элдиктер кармалды (видео)

Ысык-Көлдө туристтерге "аңчылык" кылып, алардын акча жана буюмдарын уурдоо менен алектенген чет өлкөлүк жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургундары арыз менен кайрылышкан. Жабырлануучулар 18-25-сентябрь аралыганда көлдүн тескейиндеги Экинчи каньон деген жерден токтоп турган унааларын тоноп кетишкенин айткан. Арыз ээлеринин айтымында, жабырлануучулардын бири 124 миң сом, экинчиси 145 миң сом жана үчүнчүсү 300 миң сом материалдык зыян тарткан.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.

Милиция кызматкерлери Балыкчы шаарында унаалардан уурулук кылып жүргөн шектүү топтун аркасынан түшүп, атайын операция учурунда колго түшүрүшкөн. Кармалгандар буга чейин өз мекенинде бир нече жолу соттолгон коңшу өлкөнүн жарандарынан турган кылмыштуу топ экени аныкталган.

"Алардан 2 даана рация, 5 телефон, 1 дүрбү, ар кандай унаалардын 5 ачкычы (пульт), кол кап, кулпу ачуу үчүн шаймандар (отмычка), доллар, евро, казак теңгеси, сом, Индия рупиясы, швейцария франкы сыяктуу акча каражаттары алынып, буюмдар далил катары таанылып, кылмыш ишинин материалдарына тиркелди", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү делип кармалган 1985-жылы туулган Д.А., 1975-жылы туулган У.О., 1964-жылы туулган Г.А., 1978-жылы туулган Х.Г. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

30.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-09-30 12:16:00
ИИМ кечиресиздер, голову солову дегендин ордуна башты көтөр деп кату эле айтпайсыздарбы! кылмышкер болобу башкасы болобу биздин суу, нан тузубузду жеп жатышкандан кийин алар дагы Кыргызча жооп беришсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан