УКМК Тоң райондук сотунун төрайымын кармады

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрайымы Гүлзат Абдинасирова опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрда 3 миң доллар өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрайымы А.Г. кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, судья аталган каражатты өзүнүн ортомчусу аркылуу алып жаткан жеринен кармалып, жеке тинтүү жүргүзүү учурунда төрайымдан 2500 доллар, калган 500 доллар ортомчудан алынган.

Ал 17-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Судьялар кеңеши 28-сентябрда Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде Абдинасированы кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан