
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жүк ташуучу унааны мас абалында башкарып бара жаткан айдоочу кармалды. Окуя кечээ, 29-сентябрда болгонун Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери билдирди.
Маалымдалгандай, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч жаратып, катары менен бара жаткан унаалардын жүрүү кыймылына тоскоолдук берген. Бул маалыматты айдоочулар милицияга кабарлашкан.
"Унаанын артынан кууп токтотуп, айдоочусун текшерген учурда мас абалында экендиги аныкталган. Азыркы учурда айдоочу наркология бөлүмүнөн текшерилип, унаасы айып короо жайына токтотулган. Мыйзамга ылайык, бул айдоочу спирт ичимдигин ичкендиги үчүн соттун чечими менен айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат", - деп айтылат маалыматта.