Алай районунун аймагындагы Алымбек датка атындагы сейил багына таандык жер тилкесинин бир бөлүгү мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын мурдагы кызматкерлери токтомдун негизинде 1999-жылы Гүлчө айыл аймагында жайгашкан Алымбек датка атындагы сейил багына таандык болгон 13 сотых жер тилкесинин бир бөлүгүн жеке менчикке менчиктештирген. Учурда аталган участокто коммерциялык имарат бар.
"Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам издөө иш-чаралары жана тергөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 13 сотых жер участогу ыктыярдуу тартипте мамлекетке кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жер тилкесинин жана кошумча курулуштун базар баасы 20 миллион 466 миң сомго бааланууда.