Ошто мамлекеттик кызматкер жер тилкесине байланыштуу документ алууда пара талап кылып кармалды

Жер ресурстары, кадастр геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Суу районундагы филиалынын кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Ош облустук милициясына М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, агенттиктин филиалындагы «А» аттуу кызматкери жер тилкесин бөлүштүрүп, документтерин берүү үчүн 30 миң сом акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин ылайык, 1959-жылы туулган С.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан