Кеминдеги рейдде 16 өспүрүмдүн ата-энесине айып салынды

Чүй облусунун Кемин районунда “Өспүрүм түн” аталышында рейддик иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-28-сентябрь күндөр өткөн рейд өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында өткөрүлдү. Анда Кеминдин аймагындагы сейил бак, интернет клубдар текшерүүгө алынды.
Анын жүрүшүндө түнкүсүн ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 16 өспүрүм аныкталып, алардын ата-энелерине укук бузуулар боюнча айып пул салынды. Ошондой эле ар кандай бейбаштык иштердин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан