Фумио Кисида баштаган Жапониянын өкмөтү отставкага кетти

Премьер Фумио Кисида баштаган жапон өкмөтү кызматтан кетти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

1-октябрдан кийин өлкөнүн парламенти министрлер кабинетинин жаңы башчысын аныкташы керек. Ал Жапониянын либералдык-демокаратиялык партиясынын төрагалыгына 27-сентябрда шайланган Сигэру Исиба болушу мүмкүн. Бул кызматты мурда Кисида да ээлеген.

Басылмалардын маалыматы боюнча, Фумио Кисиданын кызматтан кетиши коррупцияга байланыштуу. Анын үч жылдык башкаруусунда мындай көрүнүштөр байма-бай орун алгандыгы айтылат.

Болжолдонгон жаңы премьер Кисида сыяктуу 67 жашта. Исиба Япониядагы тажрыйбалуу саясатчылардын бири. Ал коргоо, айыл чарба жана калктын азайышына каршы күрөшүү жана жергиликтүү экономиканы жандандыруу боюнча министрлик кызматтарын аркалаган. Анын атасы Жиро Исиба өз убагында ИИМдин башчысы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан