Малавинин борбору Лилонгве шаарындагы чиркөөгө 28-декабрь күнү чагылган түшүп, натыйжада 8 адам каза тапкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:30да болгон. Малавинин Саламаттыкты сактоо министрлиги 9 адам ооруканага жеткирилип, анын 8и каза болгонун маалымдаган. Набыт болгондордун арасында бир жаш бала бар. Чагылгандан 40ка жакын адам жабыркаган.