Кара-Суу районунда мурдагы мамлекеттик кызматкерлер коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында бүгүн, 1-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалымакта ылайык, Кара-Суу райондук прокуратурасы былтыр 23-февралда Кылмыш жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иштерин козгоп, милиция кызматкерлери менен биргеликте жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу үчүн тергөө иштерин башташкан.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө район аймагында базар баасы 21 миллион 375 миң сомду түзгөн жер тилкелери эч жерде каттоосу жок токтомдун негизинде жарандарга мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган жана жогоруда козголгон кылмыш иши 27-сентябрда "Коррупция" беренесине алмашылган", - деп айтылат маалыматта.
Шектүү катары Шарк айыл аймагынын 1958-жылы туулган Х.Н. аттуу мурдагы жер адиси, Кара-Суу райондук кадастр мамлекеттик мекемесинин 1981-жылы туулган Ш.Р. аттуу мурдагы жетекчиси жана Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 1978-жылы туулган А.А. аттуу мурдагы башчысы кармалып, камакка алынган.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.