Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Армениянын Ереван шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жалпысынан ЕӨАКнын тар жана кеңейтилген курамдагы отурумунун күн тартибине 20дан ашык маселе киргизилген. Иш-чара башталар алдында делегация башчыларынын сүрөткө түшүү аземи болду.
Мындан тышкары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Евразиялык экономикалык биримдиктин 10 жылдыгына арналган эстелик почта маркаларын чыгаруу аземине катышты.