Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин камактагы мөөнөтү 2 айга узартылды

Уюшкан топко катышууга шектелип кармалган Эркин Мамбеталиевдин камактагы мөөнөтү 5-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 1-октябрда Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди 27-сентябрда Каракол шаардык соту чыгарган. Сотко тийиштүү арыз менен УКМКнын тергөөчүсү кайрылган.

Буга чейин ал 10-августта Каракол шаардык сотунун чечими менен 5-октябрга чейин камакка алынган болчу.

Белгилей кетсек, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиев УКМК тарабынан кармалганы кабарланган. Кийинчерээк атайын кызмат анын кармалышы боюнча маалымат берип, Мамбеталиевдин маркум кримтөбөл Рысбек Акматбаев жана Камчы Көлбаевдин тобуна тиешеси болгонун билдирген. 25-сентябрда УКМК Мамбеталиевдин миллиондогон мүлктөрү кылмыштуу жол менен табылган деген негизде мамлекетке алынганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан