О! түйүнүндө Россияда 1 МБ – 1 сом роумингде ошондой эле МТС тармагында жеткиликтүү

О! абоненттери үчүн дагы көп мүмкүнчүлүктөр – бүгүнтөн баштап «1 мегабайт – 1 сом» жагымдуу тарифи MTS – Россия (RUS01) тармагында жеткиликтүү. Бул сизге саякат учурунда роумингде ыңгайлуу интернетти колдонууга жана өзүңүздүн номериңиз менен байланышта болууга мүмкүндүк берет. Эске сала кетсек, ушул эле тариф Россиядагы Tele2, Megafon, Beeline RU тармактарында жеткиликтүү.

Активдештирүү үчүн жөн гана *997# акысыз командасын терүү же «Мой О!» тиркемесинде кызматты кошуу жетиштүү. Сиз Россия Федерациясына келгенде дароо байланышта боло аласыз, үй-бүлөңүзгө ал жакка кантип жеткениңизди айтып, такси чакырып же кайда экениңизди түшүнүү үчүн картаны ача аласыз.

Роумингде ыңгайлуу тариф төмөнкү өлкөлөрдө да аракетте болот:

Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай, Сауд Арабиясы, Таиланд, Вьетнам, Армения, Грузия, Беларусь, Испания, Бельгия, Дания, Люксембург, Кувейт, Катар, Түштүк Корея, Албания, Чехия, Гана, Германия, Түштүк Африка, Улуу Британия, Греция, Ирландия, Италия, Мозамбик, Нидерланды, Португалия, Румыния, Танзания, Конго, Венгрия, Австрия, Лихтенштейн.

Көбүрөөк үнөмдөө үчүн интернет-пакеттерди кошуңуз

Пакеттердин өлчөмдөрү кезектеги эс алууга да, чет өлкөгө узак сапарга чыгууга да ылайыкталган. Эгер күтүлбөгөн жерден бул жетишсиз болуп калса, анда «Мой О!» тиркемесинде жаңы пакетти оңой кошсо болот.


Интернет-пакеттин кайсы көлөмүн тандоо керек?

Мессенжерде 50гө жакын билдирүү жазуу же 2 мүнөт сүйлөшүү үчүн 1 МБ интернет жетиштүү деп эсептеңиз. Смартфонуңуз аларды жаңыртууга уруксатсыз интернетке кирбеши үчүн, мобилдик маалыматтар аркылуу тиркемелерди автоматтык түрдө жаңыртууну өчүрүү ылайыктуу болушун эске алыңыз.

Чет өлкөдө жардам

Саякатчылардын ыңгайлуулугу үчүн баланста акча каражаты такыр жок болгон учурда бекер командалар бар. Бул жерден сиз үй-бүлөңүзгө келгениңизди жана баары жакшы экенин билдирүүнү үйрөнөсүз. WhatsApp 996 705 700 700 номери боюнча күнү-түнү онлайн-колдоо жеткиликтүү.

Пакеттердин наркы КНС жана СС эске алуу менен көрсөтүлгөн. Кошумча маалыматты o.kg сайтынын «Интернет-роуминг» бөлүмүнөн тапса болот.

КР МТжБМК караштуу МБК лицензиясы: «НУР Телеком» ЖЧК 06.12.2016 №16-0062-КР жана №16-0063-КР

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан