Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 15 жаштагы жашы жете элек тургуну өз карындашын зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу малыматты бүгүн, 2-октябрда облустук милициядан тастыктады.
Маалыматка ылайык, 19-сентябрь күнү Бишкектин Биринчи май РИИБине "Эне жана баланы коргоо" улуттук борборунун алдындагы төрөт үйүндө Токтогул районунан келген жашы жете элек кыз төрөгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Текшерүү ишинин жүрүшүндө, ал Кара-Көл шаарынын 2010-жылы туулган тургуну экени, төрөтканага атын жана жашаган жерин башкача кылып айткандыгы аныкталган. Ошондой эле ага карата зордуктоо болгону аныкталган.
Бул факты боюнча Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш ишин козгогон.
Тергөөнүн жүрүшүндө анын 2009-жылы туулган агасы карындашын эркине каршы күч колдонуп, зордуктаганын мойнуна алган. Кара-Көл шаардык соту шектүүнү эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Учурда тергөө амалдары улантылууда