Пара алууга шектелип кармалган Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясына сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 2-октябрда Биринчи май райондук сотунан ырастады.
Маалыматка ылайык, 19-июлда соттун өкүмү менен Алма Кадыркулова "Пара талап кылуу" беренеси боюнча күнөөсүз деп табылып, акталган. Ал эми "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 миллион сом айып пул салынган. Бирок анын камакта узак мөөнөт отурганын эске алуу менен айып пул 1 миллион сомго кыскартылган.
Натыйжада өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин ал эч жакка чыкпоо тил каты менен сот залынан бошотулган.
Эске салсак, март айында УКМК Кадыркулованы айыпталуучудан жактоочусу аркылуу 12 миң доллар талап кылган деген негизде кармаган.