Чүйдө 82 жаштагы карыя дайынсыз болууда

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын 1942-жылы туулган Калык Калмаматов аттуу тургуну дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Чүй ОИИББинен билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 30-сентябрь күнү саат 10:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165 сантиметр, чачы кара, сакалы бар, моюнунда калы бар, тиштери жок, арыкчырай.

Кийген кийимдери: башында ак допу, кара көйнөк, жемпир, көк спорттук костюм, бутунда маасы.

Милиция Калмаматовду көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0312 607 567, 0313 453 380, 0700 040 006, 0558 861 486.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан