Бүгүн, 2-октябрда туулган күн тоскондордун катарында ырчы Айнура Салахидинова дагы бар. Ал бул жылы 40 жашка толду. Ырчы айымга туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда маанайы эң сонун экенин, жаңы төрөлгөн кызы менен учурда үйдө болуп жатканын айтып өттү.
"Туулган күндүк маанай эң сонун. Жакындарым, курбуларым саат 12:00дөн баштап куттуктап баштаган. Куттуктагандардын баары "өзүңдүн 40 жашыңда өзүңө кыз белек кылып алдың, азаматсың" деп жатышат. Учурда кызым менен үйдөмүн.
Туулган күнүмдү бойдок кезде шаан-шөкөттөр менен өткөрчү элем. Туулган күнүм күздө болгондуктан азыр тойлордон бошой албай калам, чакырган конокторум деле чыгармачылыктагы инсандар да, аларда деле ошондой болуп калат.
Бул жылы туулган күнүмдү жолдошум өзгөчө кылайын деп катуу даярданып жаткан экен. Мен көз жарып калып, өткөрбөй эле коюуну туура көрдүк", - деди Айнура Салахидинова.
Ошондой эле ырчы айымдан эң эсинде калган туулган күнүн сураганыбызда бала кезиндеги туулган күнүн жылмаюу менен эске салды.
"Менден эки жашка улуу эжемдин туулган күнү 1-октябрь, экөөбүздүкү удаа. Мектепте окуп жүргөн кезибизде апам дайыма экөөбүздүкүн бир өткөрүп, чоң-чоң тортторду бышырып барчу. Кичинекей кезибизде туулган күнүбүздү сонун кылып өткөрчүбүз, ошол туулган күндөрүм эсимде калган экен", - деп эсине салды.
Ырчы Айнура Салахидинова 1984-жылы Бишкек шаарында туулган. Алгач "Кусалык", "Сен жокто" деген аталыштагы ырлары менен эл оозуна алынган.