Араван районунда айылдашын зордуктоого аракет кылган деген шек менен 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Ош ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-сентябрда милицияга 32 жаштагы келин кайрылып, үйүндө балдарына тамак жасап жаткан учурда айылдашы кирип келип, эшиктерди бекитип алып, зордуктаганга аракет кылгандыгын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренесинин (Зордуктоого аракеттенүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары анын айылдашы 1996-жылы туулган А.О. аттуу жаран кармалып, камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.