Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда расмий сапар менен Италияга жана Ватиканга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө, алардын жүрүшүндө өз ара мамилелердин бүтүндөй комплекси жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат.
Расмий делегациясынын курамындагылар:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев;
- башкы прокурор Максат Асаналиев;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов;
- юстиция министри Аяз Баетов;
- президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;
- президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
- Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.