Япониянын Миядзаки префектурасындагы аэропортто жардыруу болуп, учуу тилкеси жабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, жарылуу 2-октябрда эртең мененки саат 08:10 чамасында болуп, анын кесепетинен такси жолу бузулуп, жети чарчы метрге жакын тешик пайда болгон. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Жарылуунун чоо-жайы белгисиз.
Учурда учуп-конуу тилкеси жабылып, каттамдар токтотулган.
Аэропорт Миядзаки шаарынын борборунан болжол менен 7 чакырым түштүктө жайгашкан. Ал 1943-жылы мурдагы деңиз флотунун учуучу базасынын ордуна курулган.