Бишкекте 3-4-октябрда Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдар диалогунун форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты "Аялдар, тынчтык жана коопсуздук" күн тартибин ишке ашыруу, ошону менен бирге Борбор Азия регионунда тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө үчүн аймактык кызматташтыкты чыңдоо.
"Отурумдун алкагында айымдардын тынчтыкты жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымын жана катышуусун талкуулоо үчүн жогорку деңгээлдеги диалогдук платформа сунушталат. Муну менен катар аялдардын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо процесстерине, тынчтыкты бекемдөөгө, кызматташууга жана туруктуу өнүгүүгө катышуусун камсыздоо үчүн зарыл чараларды иштеп чыгуу пландаштырылууда", - деп жазылат маалыматта.
Аталган форумга Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү жана Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын депутаттары, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, жарандык коомдун өкүлдөрү катышары маалым болду.