Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборундагы теракт иши боюнча кармалгандардын үчөөсүнө дагы бир айып тагылды. Бул туурасында орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, алар өз алдынча даярдалган жардыруучу зат менен башка жакта кол салуу уюштурууга камынган. Ушул себептен улам алар жардыруучу затты мыйзамсыз жасагандыгы боюнча айыпталууда.
"Теракт жасады деген айыптоодон тышкары окуяга катышкан үч адамга террордук актыга даярдык көрүү боюнча да айып тагылууда", - деп айтылат документтерде.
Белгилей кетсек, 22-мартта Орусиянын Москва шаарындагы "Крокус Сити Холлдо" болгон теракттын натыйжасында 144 адам каза болуп, дагы 551 адам жаракат алган. Ошол эле күнү теракт боюнча 20 айыпталуучу өтүп жатканы, алардын 18и камакка алынганы, дагы экөө башка жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганы белгилүү болгон.