Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда "Темиров лайв" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча соттук отурум 10-октябрга жылдырылды. Анда айтыпталуучулар соңку сөзүн айтып бүтсө, сот өкүм чыгарат.
Жараянда судья Кылычбек Истамкулов түштөн кийин башка отуруму бар болгондуктан, убактысы чектелүү экенин жүйө келтирди.
Буга чейин 26-сентябрдагы отурумда прокурор 11 журналисттин ар бирин 6 жылдан абакка кесүүнү жана үй камагына чыгарылган журналисттерди сот залынан камакка алууну суранган.
Адвокаттар жана айыпталуучулар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, аларды актоону талап кылышкан.