Эртеңки күнгө карата аба ырайы тууралуу маалымат 

Эртең, 4-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт, ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.

Маалыматка ылайык, түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25

Баткен , Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19

Бишкек шаарында түнкүсүн +9…+11°, күндүз +24…+26° жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан