Борбордогу улуттук музейде “Лейлек килемдери – 2024” жарманкеси өтүп жатат

Бүгүн, 3-октябрда Бишкетеги Улуттук тарых музейинде “Лейлек килемдери – 2024” фестиваль-жарманкеси ачылды. Бул туурасында Маданият министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова жана Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары, маданият жана искусство кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу жана өнүктүрүү экендиги маалыматта айтылат.
Белгилей кетсек, жарманке 13-октябрга чейин уланат. Анда Лейлектин кол өнөрчүлөрү тарабынан жаралган эмгектер коюлган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан