Орусиялык мушкерлер Артур Бетербиев менен Дмитрий Бивол алдыдагы беттеш үчүн 10 миллион доллар алышат. Бул тууралуу 3-октябрда америкалык промоутер Боб Арум билдиргенин орус басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, мушкерлер 12-октябрда Сауд Арабиясында рингге чыгып, жеңил салмактагы абсолюттук дүйнө чемпиону наамы үчүн күч сынашат.
Бул каражат демөөрчүлөрдүн чегерүүлөрүнөн, телекөрсөтүүлөрдөн түшкөн пайдадан жана сатылган билеттерден чогулган. Алардын беттеш үчүн ала турган акысы рекорддук көрсөткүчкө жете тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
Дмитрий Бивол 23 жеңишке жетишип, IBO жана WBA курларынын ээси. Ал эми Артур Бетербиев болсо 20 беттештин жеңүүчүсү болгон, ага IBF, WBO жана WBC курлары таандык.
Айта кетсек, алгач беттеш 1-июнга пландалган, бирок Бетербиевдин жаракат алганына байланыштуу кийинкиге жылдырылган болчу.