Бүгүн, 3-октябрь белгилүү ырчы, бир топ обондордун автору, айтылуу “Үч-Теректин үч кызынын” улуусу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Анапия Райымбекованын туулган күнү. Ал бул жылы 61 жашка толду. Ырчы айымга туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда маанайы эң сонун экенин билдирди.
"Маанайым эң сонун. Жакындарым, балдарым туулган күнүм менен куттуктап жатышат. Мен негизи туулган күн тоспойм деле, бул күндү шаан-шөкөтсүз эле өткөрөм. Бүгүнкү туулган күнүм дагы үй-бүлөмдүн курчоосунда өтөт.
Мен үчүн жакындарымдын, балдарымдын, күйөрмандарымдын куттуктоосу ар дайым жагымдуу", - деди ырчы айым.
Анапия Райымбекова 1963-жылы 3-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Улуттук филармониянын алдындагы эстрадалык 2 жылдык окуу жайын бүтүргөн. 2008-2013-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда билим алган. Алгач Жумамүдүн Шералиевдин "Мендеги ыйык махабат" жана Асанкалый Керимбаевдин "Сезимдеги ойлор" аттуу ырлары менен белгилүү болгон.
3-октябрдын жылнаамасы.