УКМК: Бишкектеги "Йакын инкар" экстремисттик уюмунун 7 мүчөсү идеологияларынан баш тартты (видео)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарындагы "Йакын инкар" диний-экстремисттик уюмунун активдүү 7 мүчөсү идеологиясынан баш тартышканын билдирди.

Атайын кызмат аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында жарандар экстремисттик уюмдун зыяндуулугун түшүнүп, жаңылыштыктарын толук моюндарына алышкан жана өз ыктыярлары менен уюмга мүчө болуудан баш тартышкан.

УКМК диний-экстремисттик уюмдардын жана агымдардын идеологиясын жайылткандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

03.10.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан