ЖАК: Абактагы жаранга уюлдук телефон берүүгө аракет кылган адам кармалды

ЖАКта абактагы жаранга уюлдук телефон өткөрүп берүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

№8 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан айрым соттолгондор менен алдын ала сүйлөшүп алып, мекеменин кызматкерине пара берүү жолу менен соттолгондорго уюлдук телефонун берүүгө аракет кылган кылмышка шектүү А.С. аттуу жаран кармалды.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"Жазаларды аткаруу кызматы түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда кармалып турган соттолгондорго жана айыпталгандарга тыюу салынган буюмдарды ар кандай ыкма менен берүүгө аракет кылгандар юридикалык жоопкерчиликке тартыларын эскертет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан