Бишкектеги соода түйүндөрүндө жугуштуу ооруларга акысыз текшерилүүгө болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги базар, соода борборлорунда ВИЧ, сифилис жана гепатиттин В,С түрлөрүн аныктай турган экспресс-тесттен өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Акция 7-октябрдан башталып, 1-ноябрга чейин уланат. Ал эртең мененки саат 9:00дөн 15:00гө чейин өтөт.
Текшерүүлөрдүн дареги жана датасы: