Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын эгер Түштүк Корея менен АКШ тараптан өлкө эгемендигин бузуу аракети болсо, анда Пхеньян чабуулчу куралдын бардык түрүн колдонууга даяр экенин билдирди. Анын сөзүн Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги жарыялаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ким Чен Ын мындай билдирүүсүн шаршембиде атайын күчтөрдүн машыгуу базасын текшерүүгө барган учурда айткан.
"Эгер душмандар биздин кайра-кайра жасаган эскертүүлөрүбүздү этибарга албай, Түштүк Корея жана АКШ куралдуу күчтөрүн колдонуп, Түндүк Кореянын эгемендигин бузуу үчүн алдыга дагы бир кадам таштачу болсо, анда биз бардык чабуулчу күчтөрүбүздү, анын ичинде өзөктүк куралды колдонуудан тартынбайбыз", - деген өлкө башчысы.
Ошондой эле ал Түндүк Корея өзөктүк мамлекет экенин айтып, эки өлкө ортосунда согуш болсо Сеул жок болорун эскерткен.