Америкадагы Хелен бороонунан каза болгондордун саны 200дөн ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка караганда, учурда куткаруучулар кырсыктан аман калгандарды издөө ишин улантууда. Бирок дагы деле жүздөгөн адамдардын дайыны чыга элек.
Ошондой эле 750 миңден ашуун үйдө электр жарыгы жок жана көптөгөн жолдор жабык экени айтылды.
Буга байланыштуу АКШнын президенти Жо Байден Флорида жана Жоржия штаттарында болуп, кырсыктан жапа чеккен аймактарды кыдырган.
"Силерди көрүп, угуп жатам. Мен дагы силер менен кошо кайгырып турам. Сөз берем, биз силерге колдоо көрсөтөбүз", - деген ал жергиликтүү тургундар менен кездешүү учурунда.
Окумуштуулар акыркы мезгилде тез-тез болуп жаткан табигый кырсыктарды планетадагы климаттын өзгөрүшү менен байланыштырышат. Ал эми мындай бороон-чапкындар ноябрдын аягына чейин уланары айтылды.