Эртең, 5-октябрда күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан карга айланышы мүмкүн. Ал эми күндүз Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28
Талас жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25
Баткенде түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9,күндүз +16…+21
Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22.
Бишкек шаарында түнкүсүн +10…+12°, күндүз +25…+27° жылуу болот.