Америкалык рэпер Эминем жакында таята боло тургандыгын жарыялады. Ал Инстаграм баракчасына акыркы жараткан альбомдорунун бири болуп эсептелген “Temporary” ыры менен бөлүшкөн.
Рэпер клипте кызы Хейли Жейддинин балалык чагынан турмушка узатканга чейинки тартып алган жагымдуу учурларын камтыган. Ошондой эле анын аягына кызы жасаган күтүүсүз белек туурасында кадрларды кошкон. Анда Хейли Эминемге таята болору тууралуу кабарды айткан.
Бул кабар рэпер үчүн күтүүсүз болгонун кадрлардан көрүүгө болот. Ал эми Эминемдин күйөрмандары социалдык баракчасындагы билдирүүсүнүн алдына куттуктоолорун жазышууда.
Белгилей кетсек, Хейли Жейд учурда 28 жашта, ал ушул жылдын май айында турмушка чыккан.