Алымкадыр Бейшеналиев капсула салды. Таласта перинаталдык заводдун курулушу башталды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Талас облустук бириккен ооруканасынын базасында жаңы перинаталдык блоктун курулушунун башталышына карата капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда аталган министрликтен билдиришти.

Салтанатка Германия өнүктүрүү банкынын Борбордук Азиядагы аймактык директору Андреас Шнайдер, облус башчы Эрмат Жумаев, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев, оорукананын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

"Долбоор "Эне жана баланын ден соолугун коргоо" программасынын IX этабынын алкагында Германия өкмөтүнүн жана Германия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан