Айлыгын ала албаган жумушчулар: Жол чарба департаменти кытайлык "Лонг Хай" ЖЧКсы финансылык кыйынчылыкка туш болгонун билдирди 

Балыкчы-Корумду унаа жолун капиталдык оңдоодон өткөрүп жаткан Кытайдын "Лонг Хай" жолдор жана көпүрөлөр корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү "Лонг Хай" ЖЧКсы финансылык кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 4-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти билдирди.

Департамент "Лонг Хай" ЖЧКсы өз кызматкерлерине акыркы айлардагы айлык маяналарын төлөп берүүдө кыйынчылыктарга туш болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле компания Жол чарба департаментине которулган акчаларга аткарылган жумуштардын отчётторун тапшыра албай, учурда карыз болуп турганын кошумчалады.

"Жол чарба департаменти "Лонг Хай" ЖЧКсынын жетекчилиги менен бир нече жолугушууларды өткөргөндө алар 8-октябрь күнү Кытайдан акча каражаттары которуларын билдиришкен. Жоопкерчилиги чектелген коом муну учурда Кытайда өтүп жаткан мамлекеттик майрамдардан улам банктар иштебей жатканы менен түшүндүрдү. Алар Кытайдан акча каражаттары которулары менен кызматкерлердин айлык маяналарын толук төлөп берерин убада кылышты", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин SUPER.KG порталына Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында жайгашкан кытайлык "Лонг Хай" корпорациясынын асфальт заводунун жумушчулары 8 айдан бери айлыгын ала албай жатышканын айтып, кайрылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан