Бишкекте суу каналдары оңдолуп жатканына байланыштуу 7-октябрда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган датада саат 9:00дөн 21:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.
Суу өчө турган аймактар:
- Михаил Фрунзе көчөсү;
- Манас проспектиси;
- Жибек Жолу проспектиси;
- Турусбеков көчөсү;
- Баялинов көчөсү;
- Абдрахманов көчөсү.