Ошто №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы пара талап кылып кармалды (видео)

Ош шаарында №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) башчысы аталган медицина борборуна кызматка орноштуруу үчүн көп суммадагы акча каражаты талап кылып кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда УКМКдан билдиришти.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Мыйзамсыз сыйлык алуу) негизинде кылмыш иши козголуп, 2024-жылдын 2-октябрында оорукананын башчысы өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө кармалды.

Учурда Ош шаарынын №9 ҮМБнын башчысы Т.А. кызмат ордунан бошотулуп, ыкчам-тергөө амалдары улантылып, кылмышка тийиштүү адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат.

"УКМК Саламаттыкты сактоо тармагында коррупцияга каршы күрөш улантылып жатканын эскертет, ошондой эле жарандар медицина тармагына кайрылуу учурунда, коррупциялык көрүнүштөргө дуушар болсо, тезинен УКМКга кайрылууну сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.

04.10.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан