Иран Израилдин бүт энергетика тармагына сокку ура тургандыгын айтты

Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи жума намаздын алдындагы кутбасында Израилге жасалган ракеталык чабуул Тегерандын Израиль өкмөтүнүн аракеттерине жасаган эң жумшак жообу болгонун айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Биздин куралдуу күчтөрүбүз бийликти басып алган сионисттик режимдин таң калтырган кылмыштары үчүн эң аз жаза болгон", - деди Тегерандагы жума намазын окуган Аятолла.

Хаменеинин айтымында, Иран бардык милдеттенмелерин күчтүү жана чечкиндүү түрдө аткарат.

Ирандын руханий лидери АКШнын Израиль режимин сактап калуу каалоосунун себеби Израилдин аймагындагы ресурстарын сактап калуу экендигин кошумчалаган.

Ошондой эле Ирандын бийлиги жума күнү Израилдин “конструктивдүү эмес аракеттери” болгон учурда бүтүндөй энергетика тармагына бир убакта сокку ураарын эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан